Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуБаткен району 11.06.2019 08:53 На русском

Баткендин Кара-Токой айылындагы мектептин курулушу 3 жылдан бери токтоп турат

Turmush -  Баткен районунун Кара-Токой айылындагы Буркан Мергенов атындагы мектебинин эскилиги жетип, бир имараты иштен чыккандыктан окуучулар 3 мөөнөт менен окууга аргасыз. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мектептин мугалими Канат Дыйкановдун айтымында, маселени чечүү үчүн айылга мындан 3 жыл мурда 250 орундуу мектептин курулушу башталган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акча бөлүнбөй, мектептин 30% гана бүткөн. Окуучулар келерки окуу жылына жаңы мектептин бүтүшүн күтүп отурушат. Айрым класстарда 1 партада 3төн окуучу отурат.

«Бул мектеп 150 орунга ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө 200дөн ашык окуучу болгондуктан 3 нөөмөт менен окутуп жатабыз. Мындай көрүнүш баланын эркин билим алуусуна тоскоол болот экен», - деди ал.

Суу-Башы айыл аймагынын башчысы Кудайберген Козуевдин айтымында, жаңы мектептин курулушу каражаттын жоктугунан токтоп турат.

«Акча жоктугунан мектеп токтоп турат. 46 млн сом каралса, азыр 16 млн сом иштетилген. Калган бөлүгү каралбагандыктан жумуш токтоп турат. Каржы министрлигине кайрылдык. Жогорку Кеңештин депутаттарына да айттык. Жылда кат беребиз», - деди Козуев.

Аталган мектеп менен кошо курула баштаган кошуна Апкан, Бөжөй жана Кара-Булак айылдарындагы мектептердин курулушу буга чейин эле бүтүп, колдонууга берилген. Кара-Токой айылы Өзбекстан менен чектешет.

(Канат Дыйканов менен Кудайберген Козуев)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×