Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 10.06.2019 17:51 Жаңыланды: 10.08.2019 19:30

Айыл турмушу: Музыка мугалими Н.Эшалиеванын окуучулары 7 тилде ырдашат

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын 52 жаштагы тургуну Наринса Эшалиева 28 жылдан бери балдарга музыкалык аспаптарда ойноону үйрөтүп, хор сабагынан сабак берип келет.

Мугалим аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 5 музыкалык аспапта ойнойт.

«Биздин үй-бүлө чыгармачыл адамдарга бай болчу. Раматылык бир тууган эжем Турган Эшалиева күчтүү музыкант эле. Учурда анын атын мен иштеп жаткан Кара-Булак айылындагы музыкалык балдар мектеби алып жүрөт. Үй-бүлөдөгү адамдардын таасириненби, мен дагы чыгармачылыкка жакын чоңойдум. Орто мектепти аяктаган соң Ош шаарындагы ОшМУнун музыка факультетине барып, фортепиано бөлүмүн бүтүрдүм. Жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, айылдагы музыкалык мектепте балдарга комуз жана хор боюнча сабак берип баштап, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келем. Ошол учурда фортепианодон сабак берейин десем бош орун жок болгон. Комуз, пианинодон сырткары гитара, ооз комуз жана аккордеондо ойнойм», - деди ал.

Анын айтымында, учурда окуучулары ар кандай сынактарга катышып, 7 тилде ырдашат.

«Мен окутуп бүтүргөн окуучуларымдын көпчүлүгү маданият тармагынын өнүгүшүнө салым кошуп келе жатышат. Бишкек шаарындагы консерваторияда Бактыгүл Абдысаламова аттуу кызым, Баткен райондук маданият үйүндө Гүлинса Исраилова, Гүлүмкан Садыкова жана Баткен облустук «Салам» радиосунда Улукбүбү Амирова аттуу бүтүрүүчүлөрүм эмгектенип келет.

Андан сырткары окуучуларым көптөгөн сынактарга катышып, ийгилик жаратууда. Мисалы, Баткен облусунда 2013-2014-жылдары өткөн «Жаш таланттар» фестивалында 9 музыкалык мектептин ичинде хор жана ансамбль боюнча 1-орунду камсыз кылганбыз. Лейлек районунда уюшулуп, 400 бала катышкан эл аралык сынакка 10 окуучум катышып, маданият министринин ардак грамотасы менен сыйландык. Бүгүнкү күндө окуучуларым хордо 7 тилде ырдашат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×