Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуКадамжай району 09.06.2019 18:13 На русском

Россияда эмгектенген жаштар айылдагы көйгөйлөрдү өздөрү чечүүгө аракет кылууда

Turmush -  Россиянын Москва шаарында эмгектенген кыргызстандык жаштар Кадамжай районунун Тамаша айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беришти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

3-июнь күнү Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү Тамаша айылынын Москвада эмгектенген жаштары айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратышкан. Алар мындай кайрымдуулук иштерин соңку 2 жылдан бери уюштуруп келишет.

Андан тышкары Москвада эмгектенген тамашалык жаштар акча каражатын чогултушуп, айылдын негизги унаа жолун жарыктандырышкан. Ошондой эле сугат суу маселесин чечүүгө аракет кылышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, соңку 10 жылдан бери Тамаша айылында жергиликтүү бийлик тарабынан бир дагы курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан айылдын жаштары маселени өздөрү чечүүгө аракет кылып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×