Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуБаткен району 07.06.2019 16:00 На русском

Сүрөт — Кыргыз-тажик чек арасындагы көрүстөндөр

Кыргыз-тажик чек арасы
Кыргыз-тажик чек арасы

Turmush -  Баткен облусу менен Тажикстандын чектешкен аймагы 658 километрди түзөт. Ал эми Баткен облусу менен Өзбекстан мамлекетинин чектешкен аймагы 391,26 километрге созулат. Чектешкен аймактарда Тажикстандын жарандары Кыргызстандын айрым жерлерин көрүстөн катары пайдаланып келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тактап айтканда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагында — Канибадам-Хужант унаа жолуна жакын жайгашкан такталбаган аймакта тажикстандыктар колдонуп келген көрүстөн бар. Ал 1 гектарга жакын жерди ээлейт. Ошол эле жерде мечит жайгашкан. Ал мечитти дагы тажикстандыктар колдонуп келет.

Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл өкмөтүндө Тажикстандын Кайрыгач анклавы жайгашкан жана ал анклавда көрүстөн бар. Тажикстандын жарандары Кыргызстандын өткөрмө пункту аркылуу чек арадан өтүп, көрүстөнгө барышат (чек арадан маркумдун сөөгүн алып өтүшөт).

Ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Ворух анклавында тажикстандыктар колдонуп келген Тожиком көрүстөнү бар.

Тажикстандын аймагында дагы, тактап айтканда такталбаган жерлерде Кыргызстандын жарандары колдонуп жүргөн көрүстөндөр бар. Баткен районунун Кара-Бак айылындагы такталбаган жерде Эски-Мазар көрүстөнү жана Орто-Боз айылынын Мазар-Башы участкасындагы кыргызстандыктар пайдаланып жаткан көрүстөн Тажикстандын аймагында жайгашкан.

Мазар-Башы участкасындагы көрүстөндүн аймагы 2 гектардан ашык жерди ээлейт. Аны Көк-Терек жана Орто-Боз айылынын тургундары колдонушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×