Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуКадамжай району 07.06.2019 15:16

Кадамжайда кургак учукка каршы спорттук мелдештер уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунда кургак учук оорусуна каршы уюштурулган акциянын алкагында спорттун волейбол жана кичи футбол түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунан билдиришти.

Кечээ, 6-июнь күнү Кадамжай районунда айылдык ден соолук комитети тарабынан кургак учук оорусуна каршы акция уюштурулган. Айылдык ден соолук комитетинин өкүлү Апийда Юсупалиеванын айтымында, спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×