Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Айдаркен 07.06.2019 14:23 На русском

Айдаркен шаарынын мэри Мухубилла Мумбаев кызматтан бошотулду

// Turmush

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын мэри Мумбаев Мухубилла Пахридинович ээлеген кызматынан бошотулду. Ага өз каалоосу менен жазган арызы негиз болгонун бүгүн, 7-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал тууралуу тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

М.Мумбаев мэр болуп (61 жашында) 2017-жылы шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен анын талапкерлигин шайлоого катышкан шаардык кеңештеги 19 депутаттын ичинен 17 эл өкүлү колдогон. Ал мэрлик кызматка КСДП саясий партиясы тарабынан сунушталган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×