Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Баткен 06.06.2019 17:26

Көп төрөгөн жакшы, - Баткенде эң жаш баатыр эне аталган 36 жаштагы Г.Жороева

Turmush -  Баткен шаарында эң жаш баатыр эне аталган 36 жаштагы Гүлзат Жороева учурда 7 баланы тарбиялап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу экөө тең көп балалуу үй-бүлөдө чоңоюшкан.

«Жолдошум экөөбүз тең 7 бир тууганбыз. Азыркыга чейин бир туугандар ар кандай учурларда, үй-бүлөлүк мааракелерде бири-бирибизди колдоп келебиз. Ошондуктанбы мен дагы көп балалуу болсом экен дечүмүн. Жолдошум дагы көп балалуу болууну кыялдангандыктан, мага: «төрөй бер» деп, мени колдоп турчу. Азыр 2 уул, 5 кызыбыз бар. Эң улуусу 14, кичүүсү 2 жашта», - деди баатыр эне.

Анын айтымында, көп төрөгөн аялдын дени сак болот.

«Кээ бир эже-сиңдилердин: «Өзүңдү кыйнап, көп төрөп эмне кыласың?» деген сөздөрүн угуп калам. Мен аларга тескерисинче: «Көп төрөгөн жакшы. Төрөгөн сайын аялдын организми жаңыланат» деп айтат элем. Мен 7 бала төрөсөм дагы ден соолугум жабыркаган жок. Тескерисинче деним сак», - дейт ал.

Жаш баатыр эне балдары абдан ынтымактуу экенин айтат.

«Балдарымдын ынтымагы мени таң калтырат. Айрыкча эң кичүүлөрү абдан ынтымактуу. Конокко жөнөп калсак, кичинекейлерибиз «төртөөбүз чогуу барабыз» деп ызы-чуу салышат. Ар дайым бири-бирин жоктоп турат. Жети баламдын мүнөзү ар башка. Ар бирине индивидуалдуу мамиле кылганга аракет кылам», - дейт Гүлзат Жороева.

Ал жакында эле жергиликтүү бийлик тарабынан «Баатыр эне» ордени менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×