Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Баткен 06.06.2019 11:18

Баткенде сел турак үйлөрдү каптап, көпүрөнү жууп кетти

Баткен облусу
Баткен облусу

Turmush -  Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында 5-июнь күнү саат 19:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Ак-Татыр айылынан Тамдык жайлоосуна баруучу ички чарбалык көпүрөнүн оң канатын жууп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 6-июнда комиссиясы тактоо иштерин жүргүзөт.

«4-июнь күнү саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Рават айылында 2 чакырым ички чарбалык унаа жолду, 1 чакырым ички чарбалык арыктарды жана 4 турак үйдүн бакчаларын каптаган. Тазалоо иш-чаралары 6-июнь күнү жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Лейлек районунун Катраң айыл аймагында 5-июнь күнү саат 17:20да катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Баул айылындагы Коргон-Катраң-Баул ички чарбалык жолунун 5 чакырым аралыгынын айрым жерлерин сел каптаган, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Кырсыктын кесепетин жоюуга №13 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолдун 1,5 чакырым аралыгы тазаланган. 6-июнь күнү тазалоо иштери улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×