Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуЛейлек району 04.06.2019 18:01

Баткенде тургундар Исфана—Андарак жолун ачып, чоң үйдү бузуп башташты. Видео

Лейлек
Лейлек

Turmush -  Лейлек районунда сүйлөшүүлөрдөн кийин жергиликтүү тургундар тосулган Исфана—Андарак унаа жолун ачышты. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жылдызбек Исакулов тастыктады.

Анын айтымында, токой чарбанын аймагына курулган турак үйлөрдү бузуу боюнча иштер дагы башталды.

Буга чейин маалымдалгандай, 3-июнь күнү саат 14:20 чамасында Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Искра айылында айыл аймактын балансында турган жерге мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузууну талап кылган жашоочулар Исфана—Андарак жолун тосушкан.

«Жолду тосуп турган тургундар тажик улутундагы жарандарга ижарага берилген жер тилкеде курулган үйдү бузууга аракет кылышканда аларды милиция кызматкерлери токтотуп, жарандардын коопсуздугу колго алынган», - деп билдиришкен ОИИБден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×