Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуЛейлек району 04.06.2019 11:09 На русском

Баткенде нааразы болуп чыккан тургундар Исфана—Андарак жолун тосушту. Сүрөт

Turmush -  Баткен облусунда айыл тургундары токой чарбага 5 гектар жер айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн берилгенине нааразы болуп жолду тосуп салышты.

Токой чарбанын жери Лейлек районунун Андарек айылынын жогорку тарабында жайгашкан. Ал пайдалануу үчүн 49 жылга ижарага токой чарбага жана айыл өкмөткө 20 жыл мурун берилген.

Ал жерге бактарды отургузуунун ордуна картошка, сабиз эгилип, жер семирткичтерди колдонуп башташкан. Чогулгандар билдиришкендей, химикаттар колдонулуп, анын калдыктары айылдын төмөнкү тарабында жашаган тургундар суу алып ичкен каналга барып кошулат.

Чогулгандар бул жерге тосмо тосууну талап кылышууда. Бирок быйылкы жылдан баштап токой чарбанын жерине айыл чарба өсүмдүктөрүн отургузбай калышкан. Ошентсе дагы тосмо тосуп, вагон коюлган.

Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар бул жайлоого мал айдап чыгышат. Тосмо орнотулгандан кийин аларга тоскоолдуктар жарала баштаган.

Мындан тышкары, айыл тургундары билдиришкендей, токой чарбанын жерлерине 3 турак үй курулган. Жашоочулар аларды буздурууну талап кылууда. Турак үйдүн экөөнүн ээси үйлөрдү бошотуп берүүгө макул болушкан, ал эми үчүнчү жаран ага жер тилкесин бөлүп берүүнү талап кылууда. Мындан тышкары, бул аймакта суу сактагыч дагы жайгашкан.

Чогулгандар жерди калкка колдонууга берүүнү талап кылууда. Окуя болгон жерге кечээ Баткен ОИИБдин башчысы, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ж.Исакулов, УКМКнын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү келишкен. Алар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү менен тургундар жолду ачышкан жок.

Жеке булактар маалымдашкандай, саат 01:30 чамасында тез чара көрүү атайын отрядынын кызматкерлери келишкен. Жол учурда жабык бойдон. Болжол менен 50-60 адам чогулуп турат.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 3-июнь күнү саат 14:20 чамасында Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Искра айылында айыл аймактын балансында турган жерге мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузууну талап кылган жашоочулар Исфана—Андарак жолун тосушкан.

Искра айылынын кире беришиндеги жол тосулган жерде эки улуттун эли жыйнала баштаган. Андан улам Исфана—Андарак, Андарак—Исфана багыты боюнча унаалар токтотулган. Жыйналган элге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте Лейлек РИИБдин жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Түшүндүрүү иштеринен жыйынтык чыкпаган соң, Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги А.Аширалиевдин буйругу менен милиция кызматкерлеринен кошумча күч тартылган.

«Жолду тосуп турган тургундар тажик улутундагы жарандарга ижарага берилген жер тилкеде курулган үйдү бузууга аракет кылышканда аларды милиция кызматкерлери токтотуп, жарандардын коопсуздугу колго алынган.

Учурда чогулуп турган эки элдин коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×