Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баткен облусу, Баткен 04.06.2019 08:51 На русском

Видео — Баткендин шаарларын жана райондорун сел каптады

Баткен облусу
Баткен облусу

Turmush -  2-июнь күнү саат 22:00 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сел Маргун айылындагы 1 км ички чарбалык арыкты, 1,5 км ички унаа жолду каптаган. Учурда ал жолдон өткөн унаалар үчүн кыйынчылыктар жаралууда. Андан сырткары Бешкент айылынын Шоро участкасында 200 метр ички чарбалык арыкты сел жууп кеткен, бирок турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине Бешкент айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч, 30 жергиликтүү тургун, Маргун айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинен 1 экскаватор, 2 жеке менчик экскаватор жана 70 жергиликтүү тургун тартылган. Райондук жарандык коргоо комиссиясы жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу иштеп жатышат.

Ошондой эле 2-июнь күнү саат 23:00 чамасында Баткен шаарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен арыктарга суу батпай, Нуриев, Садыков, Коммунист, Абдымомунов, Масалиев көчөлөрүндө жайгашкан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 20 куткаруучусу иштеген.

Ал эми кечээ, 3-июнь күнү саат 13:30 чамасында Сүлүктү шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан 15 турак үйдүн чарбагын жана 250 метр ички унаа жолду сел каптаган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. Селдин кесепеттерин жоюу максатында «Таза суу» муниципалдык ишканасынан 1 грейдер, жол куруу ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 100 адам тартылган. Кечки саат 20:20да жумуштар толук бүткөрүлгөн.

Ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаарындагы Нигматулин көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чарбагын жана короосун сел каптаган. Окуя болгон жерге №62 Кызыл-Кыя шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу барды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×