Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуКадамжай району 01.06.2019 13:46 Жаңыланды: 01.06.2019 20:35

Сүрөт — Баткендеги шалы талааларын байырлаган илегилек

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы шалы талааларында илегилектин 8 үйүрү жашайт. Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Садыбакас Асановдун айтымында, анын саны жыл сайын көбөйүүдө.

«Илегилек тынчтыкты сүйгөн канаттуу. Бул жерде аларга эч ким кол салбайт. Илегилектин бул аймакты байырлап калганына көп жыл болуп калды. Шалы талааларынын арасынан өткөн электр мамыларынын башына уяларын салып, төлдөп, ушул талаалардан чыккан курт-кумурскаларды терип жешет.

Азыр Кадамжайдан Баткенге өткөн жолдун боюнда 8 уясы бар. Булардын саны жыл сайын көбөйүп жатат. Кышкысын жылуу жакка учуп кетишип, жаз алды менен кайра келишет», - дейт Садыбакас Асанов.

Ак-Турпак аймагындагы шалы талааларында дайыма суу болгондуктан илегилектер бул жердеги бака, суу жылан менен тамактанышат.

Баткен облусунун Лейлек районунун аталышы да ушул илегилекке байланыштуу. Кийин Лейлек деп өзгөрүлүп кеткен, деп айтышат жергиликтүүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×