Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуКадамжай району 31.05.2019 20:40

Ак-Турпакта жазда биринчи эгилген күрүчтөр өсүп калды

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө шалы эгүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Дыйкан Шумкар Камбаралиевдин айтымында, эрте себилген түшүм 5 айда бышып жетилет.

«2 гектар аянтка күрүчтүн лазер, взрос түрлөрүн септим. Азыр эми анжиян сортун эгип жатам. Алды 5-майда себилген. Алар азыр суудан башын чыгарып калышты. Эрте себилгендер 5 айга чейин жыйналып алынат. Ал эми эрте бышчулар 100 күнгө чейин бышып даяр болот. Мен азыр 1 сотых аянтка 1 киллограмдан 2 килограммга чейин сээп жатам. Кийин ар бир сотыхтан орто эсеп менен 2 кап түшүм алам. Ошондо 2 гектардан 4 тонна түшүм алсам болот», - деди ал.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Садыбакас Асановдун айтымында, акыркы жылдары шалы талаалары менен кошо бак өстүрүү да колго алынды.

«Мурда ата-бабаларыбыз 3 айда бышып жетилген күрүчтүн сортторун өстүрүп келишкен. Азыр Бүргөндү өрөөнүнө көчүп келгенден бери 6 айга чейин даяр болуучу сорттору кеңири тарады. Анткени бул аймак ысык, ошол эле учурда бул жердин климатына жараша сорттор өстүрүлүүдө. Акыркы жылдары шалы талаалары менен кошо бак өстүрүү да колго алынды. Шалы талааларына да көчөттөр тигилип, бакка айланууда. 4 миң гектарга жакын шалы талааларынан жылына 40 миң тоннадай түшүм жыйналат. Буга чейин 300 гектар бак болсо, быйыл 500 гектарга кеңейтилди», - деди Асанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×