Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуКадамжай району 31.05.2019 17:27

Баткенде айылдаштарынын 7 букасын уурдап, Оштон сатып жаткан адам кармалды. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 30-майда Кадамжай районунда уурулукка байланышкан кылмыш иштин бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Дөөчар айылынын 3 тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Алар 29-майга караган түнү бодо малдарын белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген. Жалпысынан 7 баш бука жоголгон.

Кылмыштын бетин ачуу максатында Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада кечээ, 30-май күнү кылмыштарга шектелип Өзгөн шаарындагы мал базардан Дөөчар айылынын 47 жаштагы тургуну Т.М. кармалды. Ал жогорудагы кылмыштарды жасагандыгын толугу менен мойнуна алды. Уурдалган малдын төртөөнү ьсатып, үчөөнү сатканга үлгүргөн эмес. Сатылбай калган 3 бука өз ээлерине кайтарылып берилди.

Сатылып кеткен букалар боюнча ыкчам иликтөө иштери улантылууда. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×