Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуКадамжай району 31.05.2019 16:49

Кадамжайда «Биздин балдар — планетанын келечеги» аттуу марафон өттү

Turmush -  Бүгүн, 31-майда Кадамжай районунун Кан айылындагы «Кут кадам» үй тибиндеги балдар үйүндө «Биздин балдар — планетанын келечеги» аттуу марафон өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мекемеде атайын балдар аянтчасын куруу, имараттын айланасын тосуу жана жылытуу системасын орнотуу зарылчылыгы бар. Марафондон түшкөн каражаттар аталган көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат. Иш-чарага район аймагындагы мекеме-ишканалардан өкүлдөрү катышты.

Буга чейин балдар жуунучу жай оңдолгон. Ал үчүн жалпысынан 200 миң сом акча кеткен. Бирок жумушчулардын акысына акча каражаты жок болгондуктан төлөнө элек.

Бейөкмөт уюмдар жана демөөрчүлөр Балдарды коргоо күнүнө карата балдарга таттууларды да тапшырды.

«Кут кадам» Кан айылында 2018-жылдын август айында ачылган. Учурда 2 кыз, 8 эркек бала тарбияланат. Алардын эң кичинеси 8 жашта, улуусу 15 жашта. Бул жерде 2 тарбиячы, бир соцпедагог бар. Мугалимдер өздөрү тамак-аш бышырып, балдарды да үй иштерине үйрөтүшөт.

Бүгүн аталган мекемеде 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата бешик арабалардын (коляска) парады өттү. Анда мыкты жасалгаланган бешик арабаларга сынак жарыяланды. 1-2-3-орунду багындыргандарга Кан айылынын айылдык ден соолукту чыңдоо комитеттеринин фондунан акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×