Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуЛейлек району 30.05.2019 11:17

Курал кармап, кекиликтер менен сүрөткө түшкөн адам октон көз жумган депутат болгон

Turmush -  Жол тандабас унаада курал кармап, атылган кекиликтерди көтөрүп сүрөткө түшкөн адам октон каза болгон депутат экендиги аныкталды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган сүрөт жакында интернетте тарап, ал адам изделип баштаган. Издөө иштеринин жыйынтыгында сүрөттөгү адам Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты К.Б. экендиги аныкталды. Ал 2018-жылы аркасынан атылган октон каза болгон.издөөгө алынган жаран

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×