Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуКадамжай району 28.05.2019 17:10

Айыл турмушу: Баткендик мугалим А.Кошназарова балдарга сабакты сүрөттөрдү тартып келип өтөт (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын 37 жаштагы тургуну Акбермет Кошназарова 15 жылдан бери балдарга биология сабагын окутуп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сабактарды ар кандай өсүмдүктөрдүн сүрөтүн тартып, түшүндүрүп берет.

«Менин балалыгым Ак-Татыр айылында өткөн. Мектепте окуп жүргөн учурумдан бери сүрөт тартууга шыгым бар. Сүрөт сабагында кээ бир классташ кыздар сүрөт тартуудан кыйналса, мага тарттырышчу. Мектептик, райондук ар кандай сынактарга катышып, ийгиликтер менен кайткан учурларым көп эле болду. Үй-бүлөбүздө апам сүрөттү өтө жакшы тартат.

Биз жогорку окуу жайда окуп жаткан учурда бүгүнкү күндөгүдөй илим-техника өнүгө элек болчу. Баарын компьютер эмес, кол менен жасачу элек. Тирүү жаратылыш боюнча жогорку билим алып жаткандыктан, анын ар бир бөлүкчөсүн окуп түшүнүүдө сүрөт тартып, ошол аркылуу түшүнүүгө аракет жасачумун. Берилген тапшырманы сүрөт аркылуу мугалимдерге түшүндүрүп берип, жеңил эле баа алып кеткен учурларым арбын болду.

Баткен районунун Таш-Тумшук орто мектебинде 15 жылдан бери балдарга биология сабагынан билим берип келем. Ар бир кошумча өнөрдү айкалыштырып, экинчи бир ишиңди жеңилдетсең болот. Балдарга биология сабагын өтүп жатып, сабакка тиешелүү темалардын ар бирин сүрөт менен түшүндүрөм. Анткени сүрөт менен түшүндүрүп жатканда балдарга кызыктуу болот. Ошол эле кезде мага да жеңил. Эгер мен сүрөт тартканды билбегенимде, балдарга ар бир сабактын темасын түшүндүрүү кошумча түйшүктү талап кылар эле. Анткени бүгүнкү жаш жеткинчектер жөн эле сүйлөп, доскага жазып, теманы түшүндүрүп берүүнү каалабайт. Өзгөчө ыкмалар менен түшүндүрүүнү талап кылат», - деди ал.

Мугалим айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×