Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 25.05.2019 16:21

Кызыл-Кыя шаарында 300дөн ашык окуучу 11-классты аяктады

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Кызыл-Кыя шаарында мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл Кызыл-Кыяда 11-классты 334 окуучу, 9-классты 777 окуучу аяктап жатат. Анын ичинен 5 окуучу артыкчылык күбөлүккө татыктуу болушту. Шаар жетекчилиги бүтүрүүчүлөрү куттуктап, мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Алдыңкы окуучулар менен мугалимдерге мэрия, шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×