Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуНоокат району 25.05.2019 11:16 Жаңыланды: 25.05.2019 17:45 На русском

Атасынын унаасын уурдап чыккан: Ноокатта 11-класстын окуучулары унаа кырсыкка кабылып, ооруканага жеткирилди. Видео

Кырсыктан жабыркаган кыз
Кырсыктан жабыркаган кыз

Turmush -  Кечээ, 24-майда Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Ак-Чал айылында 11-класстын бүтүрүүчүлөрү жол кырсыкка кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсык кечки саат 18:00 чамасында болгон. 11-класстын окуучусу атасынын «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн уурдап айдап чыккан. Жолдон 3 классташ кызын салып, катуу ылдамдыкта айдап бара жатып жол четиндеги мал сарайга урунган. Аталган кырсык жөнүндөгү маалымат Ноокат РИИБге саат 18:30да түшкөн. Кырсыктан жабыркаган 4 окуучу Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилди. Учурда милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Окуучулар Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер алар кечээ, 24-май саат кечки 23:30 чамасында алынып келингендигин билдиришти. 3 окуучу сыныктар бөлүмүндө жатат, абалдары канааттандырарлык. Бир кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

1. Б.А. аттуу окуучу кыз башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Жамбаш сөөгү, колу сынып кеткен. Учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө орто оор абалда жатат;

2. А. кызы А. башынан жаракат алып, мээси чайкалган;

3. С.С. аттуу кыз дагы башынан жаракат алып, мээси чайкалган;

4. Айдоочу бала У.Т. башынан жаракат алган.


Кийинчерээк Ош ОИИБдин басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын кабарлады.

«24-май күнү Ноокат районунун Ынтымак айылындагы жолдо «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип жол кырсыкка кабылган. Ноокат РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөнкүлөрдү аныкташкан:

24-май күнү болжол менен 18:30 чамасында Ноокат районунун Ак-Чал айылынын 2002-жылы туулган тургуну Т.У. атасына таандык «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаасын айдап чыккан. Ак-Чал айылынан Кызыл-Кыя шаарына көздөй бара жатып, унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен Кулатов көчөсүнүн №114 үйүнүн короосуна кирип кетип, сарайын сүзүп токтогон. Натыйжада айдоочу Т.У. менен унаанын жүргүнчүлөр ошол айылдын тургундары — 2002-жылы туулган А кызы А., жана С.С. денелеринен жеңил жаракат алышкан. 2001-жылы туулган А.Б.нын буту сынып, Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына кайрылышкан. Алардын жаракаты боюнча атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. «Хонда Жазз» Ноокат РИИБдин убактылуу айып төлөөчү жайына токтотулду. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу кароо жүргүзүп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Замирбек Төрөжановдун маалыматына караганда, кырсыктан жабыркаган окуучулар Ак-Чал айылынын Т.Айбашов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү болгон. Аларга кырсыктан 1 күн мурда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Бизге кырсык боюнча маалымат Ноокат РИИБдин балдар менен иштөө бөлүмүнөн келип түштү. Биз өз убагында мектептин директорлору менен байланышып, ооруканага барып, балдардын абалы менен тааныштык. Алар эч жакка барып эс алышкан эмес. Ошол күнү саат 14:00 сабак бүтүп, мектептен тарап кетишкен. Ал эми аталган аймакка кырсыктан 1 күн мурда аким, милициялар жана мектеп директорлору катышкан чоң жыйын болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн болчу»,-деди Замирбек Төрөжанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×