Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Баткен 24.05.2019 16:04 Жаңыланды: 07.06.2019 20:32 На русском

Айыл турмушу: Мамлекеттик кызматкер хоббисин киреше алып келүүчү ишке айлантты

Turmush -  Баткен шаарынын 32 жаштагы тургуну Эркинбек Гайназаров ата кесибин улантып, ар кандай үлгүдөгү тиричилик техникаларын оңдоп келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, учурда мамлекеттик кызматта (аэропорттун байланыш бөлүмүндө) иштеп жаткандыгына карабастан бош убактысында хоббиси менен алектенет.

«Атам Жунусбек Гайназаров көп жыл ар кандай үй тиричилигине керектүү болгон техникаларды оңдоп келди. Ал учурда бүгүнкү күндөгүдөй техникалар жок болчу. Салмагы оор сыналгылар эле. Аларды оңдоо үчүн ичин ачканда көптөгөн ар кандай өлчөмдөгү лампалар чыкчу. Ошолордун ар бирин кылдат карап чыгып, бузулган жерин таап, оңдоп жаткан атамды көрүп мен да үйрөнө баштадым. Атам: «Мен үйрөткөн башка. Өзүң үчүн окуп ал» деп окууга жөнөттү. Бишкектен 2005-2007-жылдары электрондук техникаларды оңдоочу адис боюнча кошумча билим алдым», - деди ал.

Уста Баткендин борбордук базарында алтынчы күндөрү элге кызмат көрсөтөт.

«Базарга барып, Баткен районунун аймагынан келген элдин техникаларын оңдоп кызмат кылам. Ошого атайын унаамдын ичин техника оңдоого ылайыкташтырып алгам. Мындайча айтканда электротехникаларды оңдоочу көчмө унаа десек болот. Калган күндөрү жумуштан соң бош убактымда үйдө кызмат көрсөтөм.

Бүгүнкү күндө «мага да сыналгы оңдогонду үйрөтүңүзчү» деп көп жаштар кайрылат. Мүмкүнчүлүгүмө жараша үйрөтөм. Кээ бир учурларда бири-бирибиз менен убактыбыз дал келбей калган учурлар болот. Эч качан өз билгенимди үйрөтүүдөн тажабайм. Анткени үйрөтүп жатып, өзүм дагы жаңы нерселерди үйрөнүп алам», - деди ал.

Уста 3 баланын атасы.

«Балдарымдын бири ата кесибин улантуусун каалайм. Бирок азыр алар жаш болгондуктан кызыгуулары жакшы байкала элек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×