Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Сүлүктү 24.05.2019 09:19

Сүлүктүнүн прокуратурасы өспүрүмдөрдү зомбулуктардан сактоо маселесин талкуулады

Turmush -  Кечээ, 23-майда Сүлүктү шаардык атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында «Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин, зордук-зомбулукту жана укук бузууларды алдын алуу» аттуу конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарада өспүрүмдөргө карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүү керектиги айтылды. Конференцияга Сүлүктү шаарынын прокурору А.Анарботоев, шаар тургундары, мектеп-интернаттын мугалимдер жамааты жана окуучулары, милиция кызматкерлери, мэриянын алдындагы балдар менен иштөө комиссиясынын мүчөлөрү, Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер борборунун өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×