Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Сүлүктү 23.05.2019 14:02

Сүлүктүдөгү жалпы дарыгерлер практикалык борборун оңдоо иштерине ири каражат бөлүнөт

Turmush -  Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы параклиниканын жылытуу системасы оңдоп-түздөөгө муктаж. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги аталган мекеменин иши менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Зийнатай Абдиеванын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн канализициясын жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоп-түздөө зарылчылыгы бар. Мындай көйгөйлөр медицина кызматкерлерине эле эмес, бейтаптарга да ыңгайсыздык жаратып жатат.

«Параклиникада жылытуу системасы жараксыз абалга келгендигине байланыштуу кыштан электр мештери менен эптеп чыктык. Жугуштуу оорулар бөлүмү союз мезгилинен бери капиталдык оңдоп-түздөөдөн бир да жолу өткөн эмес. Буга чейин бул имарат аялдарды кабыл алуу бөлүмү болгон. Андан кийин тери ооруларын дарылоо бөлүмү болуп турган. Азыркы учурда жугуштуу оорулар бөлүмү болуп калды. Бирок ал бул бөлүмдүн талаптарына жооп бербейт. Бул бөлүм жалпы 5 орунга ылайыкташкан. Дагы оор жугуштуу оору менен жабыркаган бейтапка өзүнчө 2 орун керек», - деди ал.

Облус жетекчиси Акрам Мадумаров аталган бөлүмдү оңдоого 600 миң сом жана имараттын жер төлөсүн колдонууга берүүгө 400 миң сом бөлүнөрүн айтты. Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 20га жакын дарыгер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×