Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Кадамжай 23.05.2019 09:49 На русском

Кадамжайдын Кан айылындагы «Кут кадам» балдар үйүндө 10 бала тарбияланып жатат

Turmush -  Кадамжай районунун Кан айылындагы «Кут кадам» үй тибиндеги балдар үйүндө 10 бала тарбияланып жатат. Совет айыл өкмөтүнүн башчысы Галбү Осмонованын айтымында, мекемеде балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

«Кут кадам» алгач Кадамжай шаарында ачылган. Имараттын тартыштыгынан 2018-жылдын август айында бул айылда ачканбыз. Бул жерге Кадамжай району боюнча келишет. Учурда 10 бала тарбияланып жатат. Алардын бешөө ушул жерде жатышса, 5 бала күндүз келип, кайра кетип турушат», - деди ал.

Мындагы балдар негизинен ата-эне мээриминен ажыраган, социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары. Алардын ден соолугун, психологиялык жактан өнүгүүсүн атайын адистер текшерип турушат. Алар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, күн сайын 3 маал ысык тамак да берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×