Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусу, Ош 21.05.2019 18:15 На русском

Оштун башчысы У.Жылкыбаевдин унаасы катышкан кырсыктын видеосу

«Мицубиси Пажеро» унаасы менен кагышкан «Мерседес Бенц» унаасы
«Мицубиси Пажеро» унаасы менен кагышкан «Мерседес Бенц» унаасы

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин кызматтык унаасы 17-май күнү кырсыкка учураганы белгилүү болгон.

Окуя Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү менен Мамыров көчөсүнүн кесилишинде катталган. У.Жылкыбаевдин кызматтык «Мицубиси Пажеро» унаасы «Мерседес Бенц 230» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан У.Жылкыбаев кырсык учурунда Кытайда иш сапары менен жүргөндүгүн билдиришкен. Алардын маалыматына караганда, автоунааны анын айдоочусу унаа оңдоочу жайга жеткириш үчүн башкарып бара жаткан.

«Мерседес Бенц» унаасынын айдоочусу Айбек Эгембердиевдин айтымында, окуяга күбө болгондор жол кырсыгына «Мицубиси Пажеронун» айдоочусу күнөлүү экенин айтышкан.

«Мен болжол менен саат 10:30да Курманжан датка көчөсү менен унаамды башкарып бара жаткам. Жол чырактын кызыл түсү жанганда токтоп, жашыл түсү жанганда айдагам. Бир убакта Заднепровский (азыркы Мамырова) көчөсүнөн катуу ылдамдыкта кара "Мицубиси Пажеро" келип, унаамдын алдын сүзүп, бурулуп токтоп калды. Унаамдан түшүп барсам "Мицубиси Пажеродо" айдоочудан тышкары башка жүргүнчүлөр дагы бар экен. Жол коопсуздугун караган кызматкерлер келип басым жасай башташты. Кийинчерээк бизди наркология бөлүмүнө алып барып, текшертишти. Ал жактан экөөбүз тең таза чыктык. Андан кийин унаа токтотуучу жайдын башчысы, аппараттын жетекчиси келип, маселени өздөрү чечээрин айтышты. Азыр алар унааны оңдотуп жатышат», - деди Айбек Эгембердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×