Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Сүлүктү 21.05.2019 17:51

Сүлүктүдө 3 аялга «Баатыр эне» ордени, 9 аялга «Эне даңкы» медалы тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 21-майда Сүлүктү шаарында 3 аялга «Баатыр эне» ордени, 9 аялга «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарда Энелер күнүнө карата иш-чара өттү. Ага мэрия шаардагы 150 энени чакырып, сый тамак уюштурду. Чакырылган апалардын арасында көп балалуу «Баатыр энелер», эмгектин ардагерлери, социалдык жактан жардамга муктаж энелер, ар кайсы тармакта үзүрлүү эмгектенип, эс алууга чыккан энелер бар. Саамалыктын алкагында 3 энеге «Баатыр эне» ордени, 9 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды.

Сүлүктү шаарында 2011-жылдан бери «Баатыр эне» ордени 94 энеге, «Эне даңкы» медалы 37 энеге ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×