Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 21.05.2019 10:26 На русском

Ат-Башыдагы дарыгер: Айлыгыбыз аз десем, «шабашка алып жатпайсыңбы» дейт. Ушу депутаттын сөзүбү?

Turmush -  Ат-Башыга Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков (КСДП), Жунус уулу Алтынбек («Өнүгүү-Прогресс»), Жанар Акаев иш сапары менен келип, эл менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жолугушуу учурунда жол, таза суу, электр энергиясы, жер жана башка көйгөйлөр айтылды.

Ал эми Ат-Башыдагы дарыгер Шерлан Касымбеков региондорго келип иштеп жаткан дарыгерлерге шарттар түзүлбөй жаткандыгына нааразы болду.

«Мен өзүм Оштон болом. Бекер окугандыктан Ат-Башыга келип иштеп жатам. 3 жыл болуп калды. Кыргызстандагы билим берүү жана медицина тармагында көйгөй көп. Мамлекетте медицина, билим берүү өнүкмөйүн өлкөнүн келечеги жок. Адамда ден соолук, балада билим болбосо кайдагы келечек? Ошого терең көңүл бурулса дейм.

Окуу жайды жаңы бүткөн жаш дарыгерлер 3 жыл региондо иштеши керек деген талап бар. Булар, албетте бекер окугандар. Алар жакшы эле иштейин деп региондорго барышат. Бирок, барса шарт жок. Үй бербейт же үй берсе дагы жарыгы, көмүрү жок болуп жатат. Дарыгерлерди жибергенге жараша шарт түзүп бериш керек да. Бул бир. Ал эми экинчи маселе, медиктердин орточо айлыгы 16 000 сом дешет. Муну кайсы жактан таап алгандарын билбейбиз. Менин колума 11 012 сом тиет. Өткөндө бир депутат келди. Атын айтпай эле коеюн. Ал базарда эле жүрсө болмок. «Биздин айлыгыбыз аз, ушуну Жогорку Кеңештен айтып коюңуз» десем, ал “ушуга нааразысыңбы, шабашка алып жатпайсыңбы” дейт. Ушул эл өкүлүнүн сөзүбү?

Аялым дагы дарыгер. Биздин үйүбүз да, жерибиз да жок. Ипотекага үй алалы деп документ тапшырып көрсөк, айлыгыбыз жетпейт экен . Үй-бүлөлүк бюджет 30 миң сомдон жогору болуш керек экен. Мен 50 жыл иштесем дагы өмүр бою үйү жок жашайт экенмин. Ушул маселени карап берсеңиздер?», - деди жаш дарыгер Шерлан Касымбеков.

Депутат Жанар Акаев: «Мендеги маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ипотекага жалпы 4164 адам үй алыптыр. Негизи 7400 адам кайрылган экен, алардын көбүнүн айлыгы жетпей калыптыр. Бирок Жогорку Кеңеш Германия менен 40 млн евродой гранттык макулдашууну ратификация кылып бердик. Жалаң эле шаарларга эмес, региондорго да бөлгүлө дедик. Биздин сунуш менен ипотекалык насыялар эми региондордо берилип баштайт. Ошондо сиздин айлыгыңыз жете турган болот», - деди.

Тема боюнча: Эмгиче өтүк кийип, от жаккан ат-башылыктардын электр жарыгы боюнча көйгөйүнө депутаттар эмне деп жооп берди?

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×