Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 19.05.2019 10:42

Кадамжайда тамаай атыштын жеңүүчүлөрү кой жана акчалай сыйлык менен сыйланышты

Turmush -  Кадамжай районунда тамаай атыш боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, учурда Кадамжай районунун аймагында өтүп жаткан той-аштарда таамай атуу боюнча мелдештер көп уюштурула баштаган. Бул ирет оюнду Кадамжай районунун мергенчилер коому уюштурду. Мелдештин демөөрчүсү жергиликтүү тургундар Асановдордун үй-бүлөсү болду. Алар атасынын ашын өткөрүштү.

Мелдешке район аймагынан курамын 3 мергенчиден түзгөн 19 команда, жалпы 57 мергенчи катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Азизбек Сейдалиевдин командасы утса, 2-орунду Момуновдун командасы, 3-орунду Алы Абдилазизовдун командасы багындырды.

Жеңүүчүлөр 1 кой, 1 козу, 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты

Ал эми Буданбек Абдижалилов мыкты таамай атуучу болуп табылып, 1500 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Асановдордун атасы Курсан Асанов атагы чыккан мергенчи болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×