Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Баткен облусуБаткен району 18.05.2019 12:59

Сүрөт — Баткенде аскер кызматкерлери спорттук мелдеште күч сынашты

Turmush -  Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамдары арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен гарнизонунун башчысы — полковник Замирбек Мийзаев билдирди.

Мелдеште спорттун жеңил атлетика түрү боюнча 100, 200, 400, 500, 800, 1000 жана 3000 метр аралыкка чуркоо, ошондой эле турникке тартынуу боюнча 80ден ашуун аскер кызматкери күч сынашты. Анын жыйынтыгында 1-орунга Айдаркен шаарындагы 2051-аскер бөлүгүнүн «Бөрү» атайын даярдыктагы отряды ээ болду.

2-орунду Баткен районундагы 2022-аскер бөлүгү алса, 3-орунга Айдаркен шаарындагы 2023-аскер бөлүгү илинди. Жеңүүчүлөр кубок, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Мелдеш Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнүн 20 жылдыгына карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×