Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусуЛейлек району 18.05.2019 10:57 На русском

Баткендин айрым райондорунда сел жүрдү

Turmush -   Кечээ, 17-майда катуу жааган жаандан улам Баткен облусунун айрым райондорунда сел жүрдү.

Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы Ак-Терек айылында кечки саат 17:00-18:00 чамасында катуу жаан жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен 15 чакырым ички жолдорду жана 10 чакырым ички арыктарды сел алып кеткен. Ошондой эле онго жакын турак жайларга зыян келтирген.

«Ош—Исфана унаа жолунун үч жерин каптап, жол каттамы токтогон. Ошол эле күнү жол тейлөө ишканасынан бир техника жана айыл өкмөтү тарабынан бир техника алынып келип, аталган жол тазаланып, каттам ачылган. Бүгүн, 18-майда ички жолдор, ички арыктар жана турак жайларды тазалоо иштери жүрүп жатат», - деди Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Кадыров.

Баткен районунун Кара-Бак айылында да сел жүрүп, мал-жандыктарды агызган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жашоочулар бир баш бодо малды селден сактап калышты.

ӨКМдин маалыматына караганда, 17-май күнү саат 16:40 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген шагыл аралаш сел суулар Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы 7 чарбалык имараттын, 2 турак үйдүн, 2 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана 2 турак үйдүн короосуна кирген жана Ак-Терек айылынын ички чарбалык унаа жолдорунун, арыктарынын айрым жерлерине кум-шагылдар толгон. Мындан сырткары Катраң аймагындагы Коргон-Катраң ички чарбалык унаа жолун сел суулары жууп кеткен.

Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 318-321-чакырым (Ак-Терек айылы) аралыктарындагы шагыл аралаш сел суулар толук тазаланды. Бүгүн, 18-майда саат 09:00дө ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо үчүн №13 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып, тазалоо иш-чаралары башталды.

Саат 17:15тер чамасында Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Кара-Булак, Бужум айылдарында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын Чет-Булак жана Кызыл-Дөн кварталдарынан өткөн сел өтүүчү сайдан анча чоң эмес сел кеткен. Натыйжада сел келкен сайдан эки тарапка автоунаа, жөө адамдар жана жаныбарларга өтүүгө тоскоол жаралган.

«Саат 20:00дө Баткен шаарында жана районунда жаан-чачын толук токтодк. Баткен шаарынын Чет-Булак жана Кызыл-Дөн кварталдарынан өткөн сел өтүүчү сайда суунун көлөмү азайып эки тарапка өткөн автоунаа жолуна жана жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаралбай калды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×