Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 16.05.2019 16:56

Кызыл-Кыя шаарында энелерге белектер тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Кызыл-Кыя шаарында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдарга колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 138 миң сом бөлүнүп, 200 аялга майрамдык белектер таркатылды. Аларга концерттик программа да тартууланды. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Тактама:

Ар жылы май айынын үчүнчү жекшембисинде өлкө аймагында Энелер күнү белгиленет. Бул тууралу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылы кол койгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×