Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 16.05.2019 15:51 На русском

Кадамжайдын Марказ айыл өкмөтүндө 4 айыл таза суу менен камсыз болду

Turmush -  Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында таза суу түтүктөрү орнотулуп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Кубанычбек Тургунов билдирди.

Анын айтымында, Марказ айыл аймагындагы таза суу түтүктөрдү 2009-жылы сел алып кеткен. Ошол учурдан бери элеттиктер таза суусуз калышкан. Андан бери 2500 кожолук ичүүчү сууну арыктардан алууга аргасыз болчу. 2017-жылдан бери суу түтүктү калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп, сел тосмолору курулган. Учурда айыл аймактагы 4 айыл үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз болду.

«Бизде таза суу түтүгүн 2009-жылы август айында сел алып кеткен. Ошондон бери таза суу жок эле. 2017-жылы ушул таза сууну жеткирели деп фонддордун бири менен сүйлөшүп, 2 км түтүктү жаңыладык. Дренажыбыздын тосмосун жасатып, габион торчолор менен тостурдук. Ошентип таза суу түтүгүн жаңылап, өткөн жылда 2 км, Көк-Талаага 4 км, быйылкы жылы Марказ айылына 1.5 км жаңы түтүк тартылды», - деди ал.

Натыйжада Марказ айыл өкмөтүндөгү 4 айылга таза суу жеткирилген. Бул жумуштар негизинен жергиликтүү бюджеттен каржыланып, союз учурундагы эски суу түтүктөрү да жаңыланууда. Жакынкы аралыкта айыл өкмөттөгү калган 2 айылга да таза суу жеткирүү күтүлүүдө.
Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Исмаиловдун айтымында, бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн 6 айылынын ичинен 4 айыл суу менен толук камсыз болду. Суу күнү-түнү чыгат.

Баткен облусу боюнча жалпы 191 айылдын ичинен 98 айыл дагы деле таза суусуз айылдардын катарында. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан тарта 46 айыл республикалык боюджеттен каржыланып, таза суу менен камсыз болгон. Дагы 76 айылды камсыздоо боюнча аракеттер көрүлөт. Кадамжай районундагы айылдардын ичинен 24 айылы СССР мезгилинде, 15и эгемендүүлүк алган жылдардан кийин таза суу менен камсыздалган. Калган айылдарда дагы деле ичүүчү суусу жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×