Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 16.05.2019 12:13

Кадамжайлык алдыңкы окуучулар милициянын иши менен таанышып чыгышты

Turmush -  Кечээ, 15-май күнү Кадамжай РИИБдин кызматкерлери Кадамжай районунун А.Орозбеков айылындагы С.Тешеев атындагы орто мектебинин 8-9-класстарынын алдыңкы 16 окуучусуна милициянын ишмердүүлүгүн тааныштырды.

Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, окуучулар Баткен шаарындагы «Манас Ордо» комплексине жана ИИМдин Баткен шаарындагы өзүнчө ротасына барып, кызматкерлердин иши менен таанышты. Аларга сый тамак да уюштурулду. Бул саякат жаштарды патриоттуулукка үндөө максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×