Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 15.05.2019 17:22

Кадамжайда окуучулар арасында өрттөн сактануу боюнча сынак өттү

Turmush -  Кечээ, 14-майда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Бөкөнбаев жана Тургунов атындагы орто мектептеринде окуучулар арасында «Өрттү алдын алуу» аттуу сынак өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Анда окуучулар өрт өчүрүүчүлөрдүн кийимин кийүү, өрт өчүрүүчү шаймандарды туура колдонуу, өзгөчө кырдаал учурунда жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча даярдыктан өтүштү. Жыйынтыгында 1-2-орунду камсыз кылган командаларга акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×