Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Баткен 15.05.2019 15:31

Баткенде кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Баткен шаарында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Аларга багышталып куран да окулду.

Баткен облусунун аймагында жалпысынан кызмат учурунда 18 милиционер каза болгон. Алардын ичинен экөө — милициянын ага лейтенанты Исмаилов Каныбек Пирматович 2005-жылы 28 жашында жол кырсыгынан, милициянын капитаны Кудайбердиев Абдибаит Кадырович 2006-жылы 39 жашында жол кырсыгынан каза болушкан.

Иш-чарага келген Ырысбүбү Сапарбаева жолдошу Абдибаит Кудайбердиев 39 жашында кызмат учурунда каза болгондугун эскерди. Ал 7 жыл жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматында иштеген.

«Жыл сайын 15-майда Баткен ОИИБ кызмат учурунда курман болгондорду эскерип, алардын балдарын жайкы эс алууга лагерлерге жөнөтүп турат. Ошондой эле акчалай жардам берип, спорттук иш-чараларды алардын жаркын элесине арнап өткөрүп турат. Бул үчүн ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×