Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Чүй облусу, Кара-Балта 14.05.2019 12:26

«Өлгүм келип кетет»: Бир үйдө 5 адам ата-бабасынан калган дарт менен жабыркап келишет

Turmush -  37 жаштагы тубаса майып Нуржамал Нуралиева Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы П.Морозов көчөсүнүн №49 үйүнүн тургуну. Ал үйдө учурда 8 адам жашаса, алардын бешөө тубаса шал оорусуна кабылган. Мындай адамдардын жашоо турмушу менен аймактык кабарчы таанышты.

Н.Нуралиева 1982-жылы Жайыл районундагы Сосновка айылында төрөлгөн. Жаштык, окуучулук курагы Панфилов районундагы Күрпүлдөк айылында, таенеси Гүлбаранын үйүндө өттү. Атасы Дүйшөнбек ден соолугу чың адам болгон. Анын көзү өткөнүнө 10 жыл болду. Ал эми апасы — 2-топтогу тубаса майып Бакытбүбү учурда 62 жашта. Ал бир уул, бир кыздуу болгон. Уулу — 30 жаштагы Жолдошбек да тубаса шал оорусу менен ооруп келет.

«Биз 2005-жылы Кара-Балтадан жер үй сатып алып, атам, апам, иним жана мен болуп төртөөбүз көчүп келдик. Арадан 4 жыл өткөн соң, тактап айтканда 2009-жылы атам каза болду. Биздин оор тагдырыбызга дагы көйгөй кошулуп, жашообуз оорлошту. Атамдын артында 3 майып калып, бири-бирибизге өбөк-жөлөк болуп күн кечирдик.

Жашоодо ар ким өз тагдырын буюрганынан табат тура. Биздин үй-бүлөбүздүн оорусу тубаса шал оорусу деп аталат. Ал укумдан тукумга берилүүчү табигый дарт. Аны дарылоого да болбойт экен. Ыраматылык таенем дал ушул оору менен ооруп, андан апама өткөн. Эми балдары бизге өттү. Андан инимдин баласына да өтүп, 5 жаштагы Али да бутун сүйрөп араң басат.

Так маалымат үчүн айтайын. 62 жаштагы апам Бакытбүбү, 37 жаштагы мен, 30 жаштагы иним Жолдошбек, анын уулу — 5 жаштагы Али, баарыбыз бутубузду сүйрөп араң эле басабыз. Ал эми келинибиз 28 жаштагы Жазгүл көз оорусу менен ооруйт. Ошентип, бир үй-бүлөдө 5 адам майып. Учурда апам такыр баспай калган. Таягыбызды сүйрөп, ар кимибиз ар жагынан жөлөп көтөрүп, араңдан зорго майып арабага отургузабыз. Калган үчөө: менин кызым — 7 жаштагы Аяна, инимдин балдары — 7 жаштагы Аруна жана 4 жаштагы Абдыкарим. Кудайга шүгүр алардын ден соолугу түзүк. Улуулары мектепте окушат. Мен төрөгөндөн кийин басуум оорлошуп кетти. Апам "биздин тукумубузда, каныбызда бар. Жыл өткөн сайын ден соолугубуз оорлошот. Менин курагыма жеткенде мага окшоп ордуңардан жыла албай каласыңар" дейт. Көз алдыма элестетип коркуп кетем. Кээде азыртадан эле өлгүм келип кетет. Жылдан жылга бутум жылбай баратат. Эптеп сыртка чыгам, үйгө кирем. Буттарыбыз зыркыратып оорубайт деле. Болгону жакшы баса албайбыз.

Күндөлүк жашообуз жөлөк пулду күтүү менен өтөт. Анан боорукер, мээримдүү адамдар колунан келген жардамын да берип турушат. Аларга ак батабызды берип келебиз. Үйдө отура берүү деле ден соолукту кыйнайт экен. Өткөн жылдары Кара-Балтанын базарына барып бирөөгө жалданып, уюлдук телефонго бирдик салчумун. Кантсе да 9 жылдык билимим бар да. Бирок азыр таптакыр үйдөн чыга албай калдым. Жыйырмадан ашуун тоок баккам. Жакында инимдин баласын алып ооруканада жатсам, аларга жем берген адам жок, баары өлүп калыптыр. Үйдүн артында чакан чарбак да бар. Акырын жылып барып, ден соолугу жакшы үч балабызды иштеткен болом. Эми айла жоктун иши да. Эрмек болсун дейбиз. Үйгө жыла басып кирип, төшөк курайм. Бул менин жашымда үйрөнгөн өнөрүм. Жарытылуу деле курак кураган жерим жок. Ал үчүн кездеме керек да. Андайды алууга акча кайдан болсун. Өзүбүз ар бир нандын сындырымын үнөмдөп, эртеңкини ойлоп күн кечирип, таң атырабыз. Ушул жашоого да кудайга шүгүр. Биротоло сойлоп, төшөккө жатып кала элекпиз. Суурдай ээрчишип үйдөн чыгып, ташбакадай жылып жашап жатабыз», - деди Нуржамал Нуралиева.

Оор үшкүрүнөт. Кээде өз тагдырына өзү нааразы болуп, ишенчээктигине өкүнөт. Өткөн күндөрүн, учурдагы көйгөйүн мындайча эскерет.

«Иним үйлөнөрдө насыяга 70 миң сом акча алгам. Аны жөлөк пулубузду үнөмдөп отуруп жаптык. Бул кабарды уккан кошунам мага жабышты да калды. Боорукермин да. Мен 5 убак намаз окуп, кудай жолунда жүргөн адаммын. Калп айтуу табиятымда жок. Улуу орозо күнүндө андан да жогору күнөөгө баткан болосуң. Кошунамдын сөзүнө кирип, 180 миң сом насыя алдым. 80 миңине үйдөн суу чыгарттык. Баштагыдай эле үнөм менен аны да толук төгүп бүтүргөм. Ал эми 100 миң сомун кошунама алып бергем. 50 миң сомун төктү да, калганын төлөбөй "түртүп жиберсем өлүп каласыңар. Мен акча-макча алган эмесмин. Билген жериңерге бара бергиле" деп жүрөт. Биз үйдүн китепчесин күрөөгө койгонбуз. Мына эми насыя берүүчү тарап үйдү алмак болуп жатат. Биз да адам баласыбыз да. Эгер үйүбүздү алып койсо, 5 майып, 3 кичинекей бала кайда барат? Албетте, күнөө менде бар экенин билем. Учурунда кошунамдын тилине кириптирмин. Эми уу тилин агызып "колуңардан эмне келет" деп мазактап турганына чыдабай турабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×