Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусу, Ош 14.05.2019 09:59 На русском

Видео — Ошто асмандан ыйык жазуу көрүштү: Казы эмне дейт?

Асманда пайда болгон жазуу
Асманда пайда болгон жазуу

Turmush -  Ош шаарында асманда ыйык жазуу пайда болгону болжолдонууда. Бул тууралуу маалыматты «Ош» эл аралык аэропортунун кызматкери Замирбек Зубаиров тастыктады.

Анын айтымында, 11-май күнү саат 20:15 чамасында асманда булуттардан араб тилиндеги «Аллах» деген жазуу пайда болгон. Ал жазууну «Ош» эл аралык аэропортунун кызматкерлери сүрөткө жана видеого тартып алышкан.

«Жазуунун пайда болгондугу чын. Мындай жазуу асманда пайда болгонун биринчи жолу көрдүм. Биздин кызматкерлер жазууну бир аз кечигип тартып алышыптыр. Ага чейин жазуу даана көрүнүп турган. Аны көргөн кишилер "Аллах" деп жазылып тургандыгын айтышты. Бирок мен эмне деп жазылгандыгын так айта албайм», - деди Замирбек Зубаиров.

Ал эми Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин айтымында, асманда пайда болгон жазуу араб тилиндеги «Аллах» деген сөзгө окшош, бирок так эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×