Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 14.05.2019 08:47

Баткенде окуучулар арасында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өттү

Turmush -  Кечээ, 13-майда Баткен шаарында окуучулар арасында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өспүрүмдөр арасындагы жол кырсыктарды алдын алуу максатында өткөн сынакка райондук турда жеңген 6 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Кызыл-кыя шаарынын Д.Карбышев атындагы орто мектебинин окуучулары ээлеп, республикалык турга жолдомо алышты. 2-орунду Баткен районунун Бужум айылындагы Ш.Токсонов атындагы мектеби, 3-орунду болсо Кадамжай райондук мектеп-лицейи алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×