Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 13.05.2019 12:12 На русском

Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөттөрдүн биринде милиционерге 1,5 млн сомго үй куруп жатышат. Видео

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Миң-Чынар айылындагы милиция кызматкерине 4 бөлмөлүү үй жана жумуш үчүн кеңсе курулуп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиев билдирди.

Анын айтымында, имараттардын курулушу апрель айында башталган. Үй 1-2 жумада бүтүп, пайдаланууга берилет. Аталган курулуштарга айыл өкмөт тарабынан жалпы 1,5 млн сомго жакын акча бөлүнгөн.

Усталардын эмгек акысына 200 миң сомго жакын каражат кетет. Азыр 5 уста иштеп жатат. Аларды Миң-Чынар айылынын башчысы Максытали Кошоков өз чөнтөгүнөн күн сайын 3 маал тамак менен камсыздоо милдетин алган.

«Биздин аймактык тескөөчү Сагын Акматов Миң-Чынар айылындагы 5 миңге жакын адамды тейлейт. Имарат жоктугуна байланыштуу бүгүнкү күндө айылдагы мечиттин бир бөлмөсүндө убактылуу иштеп, жашап жатат», - деди ал.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу. Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыста жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Быйыл Ак-Турпактын тургундары күрүч талааларын атайын дрондор менен дарылатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×