Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Баткен 11.05.2019 16:23 На русском

Баткенде жаш жоокерлер ант беришти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 11-майда Баткен шаарынын борбордук стадионунда №707 аскер бөлүктүн жаш жоокерлеринин аскердик ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанатка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, аскер бөлүктөрдүн командирлери, аскер кызматкерлери, жоокерлердин жакындары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаш жоокерлер тарабынан даярдалган курал менен саптык ыкмалар, тактикалык эпизод жана кол менен урушуу ыкмалары көрсөтүлдү.

Ата–энелер жана коноктор аскер бөлүктөгү жоокерлердин жашоо-шарттары менен таанышып чыгышты. Мындан ары жоокерлер №707 аскер бөлүктө аскердик кызмат өтөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×