Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 09.05.2019 14:39

Баткен облусунда Улуу Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленди. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш майрамы Баткен шаарында салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага согуштун ардагерлери чакырылды. Саамалык Баткен шаарындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбарларды коюу менен башталды. Андан соң согушта курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду. Андан ары согуш ардагерлери отурган автоунаалар менен «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулду.

Улуу Жеңиш майрамынын урматына шаар тургундарына аскердик парад, согуш учурунан сахналаштырылган көрүнүштөр жана мектеп окуучулары, маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программалар тартууланды. Бул күнү ардагерлер жоокердик тамак-аштардан да даам татышты.

Улуу Ата Мекендик согушка Баткен облусунан 20766 адам аттанса, алардын ичинен 14213 жоокер кайтпай калган. Ал эми 6553 адам мекенге кайтып келишкен. Учурда алардын ичинен 19 ардагердин көзү тирүү.

Кызыл-Кыя шаарында Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, алгач шаар жетекчилиги, жашоочулар, окуучулар, студенттер өздөрүнүн согушка катышкан аталарынын, туугандарынын сүрөттөрү менен параддан өтүштү. «Өлбөс полкту» 15 автоунаадан түзүлгөн автоколонна коштоп, ардагерлерди гүл менен тосуп алуу үчүн мектеп окуучулары катар тизилип турушту. Иш-чара концерттик программа менен коштолду. Бак ичинде чатыр тигилип, ардагерлерге жоокер боткосу берилди. Иш-чарадан соң шаардын жетекчилери ардагер А.Гайнулинди үйүнө барып куттуктап келишти.

Майрам шаардын сейил багында массалык сейилдөө, оюн-зоок, концерттик программа жана спорт оюндары менен уланууда.

Кадамжай районунда да Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленди.

Акимчиликтин маалыматына караганда, ардагерлерге жоокер боткосу берилди. Андан кийин өчпөс оттун алдындагы эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, асманга ок атылып, согуштун ардагерлерине арналып куран окулду. Ошондой эле парад уюштурулду. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Майрамдык салтанат Лейлек районунун Сүлүктү шаарында да уюштурулду. Жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү Өчпөс отко гүлчамбаларды коюп, андан кийин «Өлбөс полк» уюштурулду.

Саамалыктын алкагында согуштун катышуучусу Низамутдинов Вазых атага президенттин фондунан 20 миң сом, өкмөттөн 15 миң сом, облус жетекчилигинин атынан 5 миң сом, мэрия тарабынан 5 миң сом, көмүр казуучу ишканалардын атынан 2 тонна көмүр берилди. Андан сырткары ооруктун 7 ардагерине өкмөттөн 10 миң сомдон, шаардык мэриядан 2 миң сомдон акчалай сыйлык жана 1 тоннадан көмүр берилди. Салтанаттуу майрам концерттик программалар менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×