Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуБаткен району 08.05.2019 18:00 На русском

Сүрөт: Баткенде согушка катышкан аталарга «Мерседес» жана «Субару» мингизишти

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Баткен районунда согуштун 2 ардагерине айыл өкмөт тарабынан Жеңиш майрамына карата унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, унаалар Кара-Токой айылынын 94 жаштагы тургуну Сүйүнов Шергазы ата менен Бөжөй айылынын 95 жаштагы тургуну Таштемиров Сейдакмат атага берилди. Салтанаттуу иш-чарага облус жетекчилиги баш болгон чиновниктер катышты. Ошондой эле мектеп окуучуларынын катышуусу менен «Өлбөс полк» парады уюштурулуп, согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, унааларды алуу үчүн айыл өкмөт тарабынан 80 миң сомдон бөлүнгөн. Калган сумманы ардагерлердин балдары жана демөөрчүлөр чыгарышкан.

Кечээ, 7-майда Баткен шаарынын мэриясы Баткен шаарынын 100 жаштагы тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Рахматов Ашир ата менен 98 жаштагы Бурканов Садык атанын ар бирине 100 миң сомдон тапшырган. Ошондой эле Баткен районунун Самаркандек айылынын 98 жаштагы тургуну Исманов Мамат атаны да куттукташкан.

Улуу Ата Мекендик согушка Баткен облусунан 20766 жоокер аттанып, алардын ичинен 14213 жоокер согуштан кайтпай калган. Мекенине 6553 жоокер кайтып келсе, алардын ичинен 19 ардагердин көзү тирүү. Тылдын 250 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×