Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуЛейлек району 08.05.2019 16:23

Лейлектин Ак-Суу айыл аймагына жеке ишкер 1 млн сомдук тез жардам унаасын алып берди (сүрөт)

Turmush -  5-майда Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагына жеке ишкер тарабынан «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айыл аймактагы Алга, Жеңиш, Суу-Башы, Жезкен айылдары район борборунан 30-40 км алыста жайгашкан.

«Ак-Суу айыл өкмөтүнө жергиликтүү ишкер Исманали Жороев тарабынан 1 млн сомдук тез жардам унаасы берилди. Аны үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна өткөрүп беребиз. Муну менен элибиздин дагы бир көйгөйү чечилди», - деди айыл өкмөт башчысы Алимбек Халмуратов.

Лейлек үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Учкун Эргешов буга чейин аталган айыл аймакта бир тез жардам унаасы болгондугун, жаңы унаа менен жумуш дагы жеңилдей тургандыгын белгиледи.

Исманали Жороев тоолуу аймакка атайын ушул унааны тандап алгандыгын айтты.

«Мен орозо айында элиме колдоо көрсөтүп, аз болсо да көйгөйдү жеңилдетейин деп унааны атайын Европадан алып келдим. «Спринтер» унаасы тоолуу аймакка чыдамдуу, жумшак болот деп ошону тандадым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×