Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 08.05.2019 10:13

Баткендеги базардын айланасындагы нааразычылык: Соодагерлердин дооматы, жетекчиликтин жообу

Turmush -  Баткен шаарынын борбордук «Айдаралы» базарынын жетекчилиги соодагерлердин нааразычылыктарына жооп берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Буга чейин 30-апрелде базардын соодагерлери алар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөй жатып, талаптар коюлуп жаткандыгын айтып чыгышкан.

«2 айдан бери базар ичинде талаш-тартыш көбөйүп, коррупциялашып кеткен. Базар жетекчилиги соодагерлерди бири-бири менен уруштуруп жатат. Мындан улам 400дөн ашык соодагер нааразы болуп, облус жетекчилигине кайрылдык. Буга чейин прокуратурага кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык чыкпады. Азыр эми облус башчысына келдик. Жогорку Кеңешке да кат жолдодук. Жакшы кабар болот деген үмүттөбүз. Базарга мэрия электр энергиясын тартып берген. Соодагерлер коммуналдык төлөмдөрдү төлөйбүз. Ал эми отурган орун үчүн 50-200 сомго чейин акы төлөйбүз. Базардын ичи жаан жааганда ылай болгондуктан 10 миң сомго чейин акча чогултуп, дарбазаны оңдоп, асфальт төшөдүк», - деген соодагер Гүлай Осмонова.

Алар «отурган бетон орундуктарды бузуп, контейнер койгула» дейт. Ага бизде шарт жок. Базарда отурган 90% соодагерде насыя бар. Бизге эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Бирок талаптарды коюп жатышат. Бул маселе боюнча облус жетекчилигине кайрылдык», - дешкен соодагерлер.

Баткен облусунун жетекчилиги бул маселе боюнча өз жообун айткан.

«Баткен шаары облустук маанидеги шаар болгондуктан борбордук базар да талапка жооп бериши керек. Биз соодагерлер жана эл үчүн жетиштүү шарттын болушуна кызыкдарбыз. Ошондуктан биз эки тараптын тең пикирлерин эске алуу менен акырындап базарды заман талабына жооп берген коомдук жайга айлантуу боюнча белгиленген тартипте иш жүргүзөбүз. Бул боюнча Баткен шаардык мэриясына шаардык кеңеш менен биргеликте иш алып баруу тапшырмалары коюлган. Ошол эле мезгилде базар кооперативдин менчиги болуп эсептелгендиктен аны башкаруу, чарбалык иштерине түздөн-түз кийлигишүүгө облустук жетекчиликтин мыйзамдуу укуктары чектелүү», - деп айтылган маалыматта.

Ал эми аталган базардын жетекчиси Сайда Матказиеванын айтымында, базарда өрт чыкса өрт өчүрүүчү унаа кире албай деп Мамэкотехинспекция 30 миң сом айып салган.

«Бул базар талапка жооп бербейт, эгерде базар өрттөнүп кетсе өрт өчүрүүчү унаалар кире албайт деп Мамэкотехинспекция 30 миң сом айып пул салат. Быйыл да 30 миң сом айып пул салышты. Мен базарды иретке келтирейин дегем. Оңдоп, электр энергиясын жана баш аламан жайгашкан жерлерди иретке келтирип, контейнерлерди коёлу дегенбиз. Соодагерлер келишим түзөлү десек келишим түзбөйт. Биринен бирине сатат. Мен болгону 1 метр жерге күнүнө 10 сом акы алам. Бирок өздөрү жайларын бири-бирине сатып, анан арызданышат», - деди ал.

Базардын бухгалтери Жакып Усманов соодагерлердин базар жетекчилигин жамандоосунун аркасында башкалардын кызыкчылыгы бар экендигин кошумчалады.

«Сатуучулардын талабы өздөрү үчүн туура болушу мүмкүн, бирок алардыкы туура эмес. Бул кооператив менчик жер. Кызыл китеби да бар. Базарды бузуп, заманбап кылуу боюнча атайын токтом бар. Тиешеси жок адамдар келип, элди козгоп кетишти. Бул жерде базар жетекчилигин жумуштан кетирүү үчүн бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар экендиги жана ошолор соодагерлерди ушундай жагдайга түртүп жатканы айтылып жатат. Соодагерлер 25-марттан бери ижара акысын бербей жатышат. Мисалы, жабык базарда эле 70ке жакын соодагер болсо, алардын 20сы гана ижара акысын беришти. Эгер булар ушинте берсе биздин башкармалык бар. Алардын пикирин угуп, базарды жап десе жабабыз, оңдо десе оңдойбуз. Ошондой эле мыйзамдын негизинде укук коргоо органдарына кайрылабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×