Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусу, Баткен 08.05.2019 09:53

93 жаштагы Садык ата кан майданда снайпер болуп, согуштан кийин да 5 жыл мекенге кызмат кылган. Сүрөт

Turmush -  Баткен шаарынын 93 жаштагы тургуну Бурканов Садык ата 18 жашында согушка аттанып, мекенге 6 жыл кызмат өтөгөн. Аймактык кабарчы ардагерден кабар алды.

Согуш башталганда 15 жаштагы бала элем

Мен 1926-жылы Баткенде туулгам. Үй-бүлөдө 5 бир тууган болгонбуз. Ата-энемдин тун уулу элем. Атам 1940-жылы кайтыш болуп, үйдүн чоң уулу болгондуктан инилериме каралашуу менин мойнумда болгон. Ал кезде билим алуу 7-класска чейин эле. Менин 4 класстык эле билимим бар. Согуш башталган 1941-жылы 15 жашта элем. Ал кезде биз колхоздо дыйканчылык менен алек болчубуз.

1944-жылы согушка чакырылдым

1944-жылы 15-ноябрда биздин район боюнча мен курактуу 10 баланы аскерге алып кетти. Кудайга шүгүр, ошол 10 жигит мекенге аман кайтып келдик. Алардын ичинде мен да бар болчумун. Согушка облус боюнча 18 жаштагы 120 бала аттандык. Баарыбызды Ош шаарына жыйнап, аскерге жиберишти. Түркмөнстанга, андан ары дагы бир шаарга бардык. Бул жерде баарыбызга аскердик форма берилип, 1 ай окутуу болду. Ал жакка барган соң 20-снайперлер мектеби дивизиясында окутушуп, снайперчи кылышты. 1945-жылы поезд менен Кучка деген жерге бардык. Бул жер СССР менен Иран-Ирак чектешкен аймак экен. Мында кызмат өтөп жүргөн кезде япон-орус урушу башталды. Ошол жакка барасыңар деп жиберип, кайра артка кайтарышты. Себеби согуш токтоп калган экен.

Сталинградда кызмат өтөп жүргөндө 1945-жылы СССРдин аймагы фашисттик баскынчылардан толугу менен бошотулуп, алгач ирет Жеңиш күнүн Сталинградда белгилегем. 1944-жылы аскерге аттанып, 1950-жылга чейин мекенге кызмат өтөдүм.

Баткенде жаңы турмуштун түптөлүшүнө салым коштук

Мекениме карай 1950-жылы 13-сентябрда жолго чыгып, 26-сентябрда Баткенге келдим. Согуштан келген соң «Сталин» колхозунда алгач фермер болуп иштеп, андан кийин экспедитор, башкаруучу болуп эмгектендим. Ал кездеги жаштар эр жүрөк, чыдамкай, туруктуу болгон экенбиз. Мекен үчүн көптөгөн кыйынчылыкка чыдаганбыз. Колхоздун түзүлүшүнө катышып, талаада иштеп, мал багып, Баткен жериндеги жаңы турмуштун түптөлүшүнө салым коштук.

1986-жылы пенсияга чыктым. Эми минтип жашым 90дон ашып калды. 3 уулдуу болгом. Учурда 1 уулум бар. Жашоо-шартыбыз жакшы, кудайга шүгүр.

Биз согушту улуттар аралык биримдик, ынтымак менен жеңгенбиз

Неберелериме, жаштарга жыл сайын башымдан өткөргөн окуяларымды эскерип айтып турам. Согуш аты айтып тургандай азаптуу, кан кечкен майдан. Мындай согуш азабы эч качан кайталанбасын. Ошондой кыйын кырдаалда союздук 15 республикадан барган жоокерлер бир туугандай болчубуз. Айрыкча өзбек, казак туугандар менен бири-бирибизди эш тутаар элек. Биз согушту улуттар аралык ынтымак, биримдик менен жеңгенбиз.

Кааларым, келечек муун согуш талаасын көрбөсүн. Ар дайым мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, элибиз аман болсун. Кыргызстан бай мамлекеттердин катарына кошулсун. Эли-журтка кызмат кылгандардын саны өссүн. Кошунаң тынч өзүң тынч демекчи, кошуна өлкөлөр менен да ымалабыз жакшырып, достукта, тынчтыкта жашайлы.

Садык атага 2017-жылы Жеңиш майрамына карата «Жигули» үлгүсүндөгү унаа белек кылынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×