Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 08.05.2019 08:42

Элдик уламыш: Хандын кызын жана 40 курбусун жутуп алган тоонун баяны (сүрөт)

Кыз-Мазар тоосунун тартылган сүрөтү
Кыз-Мазар тоосунун тартылган сүрөтү

Turmush -  Чоң-Алай районуна караштуу Чак айылындагы Кош-Кайың жайлоосунун маңдайында кырка тоолор кыркка бөлүнгөндөй жайгашкан. Ошол кырка тоонун боорунда бир жылмакай жалпак таш бар. Ал жылмакай таш бир аз чала жабылган эшиктей болуп көрүнөт жана анын астында жарака сыяктуу жерден саргайып калган кылдар көрүнүп турат.

Жергиликтүү тургун Мадина Сүйүнбаева аймактык кабарчыга Кыз-Мазар тоосу тууралуу эл оозунда айтылып жүргөн уламышты айтып берди.

«Илгери кыргыздар уруу-уруу болуп жашап, бири-бирин басып алып, жер, жайыт талашып турган заманда бир хандын кызы кырк курбусу менен тоого сейилдөөгө чыгыптыр. Ошол учурда кайдан-жайдан баскынчылар келип калат. Алар атайын аңдып турганбы же капилеттен келишкенби, эч ким билбейт. Ошондо кыздар тоо аралап качып, "тоолор, бизди коргоп калгыла” деп суранышат. Хандын кызынын, анын кырк курбусунун ыйын уккан тоодон жарака пайда болот. Кыздар ошол ачылган жаракага кирип кетишет. Баскынчылар жетип келгенче кыздар жашынган жарака жабылып, бирок бир кыздын чач учтугу (кыздар өрүлгөн чачынын учуна байлаган жиптен же темирден жасалган буюм) чачы менен кошо сыртта калып калат.

Азыр жаракадагы саргайган кылдар "ошол кыздын чачы" деп айтылат. Кырк кызды өзүнө катып алып, ошол бойдон чыгарбай койгон тоо "Кыз-Мазар" деп аталып калганы ошондон», - деди Мадина Сүйүнбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×