Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 07.05.2019 19:45 На русском

Баткенде кыргыз-тажик чатагында ок тийген милиционерге сыйлык тапшырылды

Turmush -  Март айында Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик элинин ортосунда чыккан чыр-чатакта жаракат алган милиция кызматкерине сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чыр чыккан учурда ошол жерде коомдун коопсуздугун сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, өз милдетин аткарып жүргөн Баткен РИИБдин кызматкери, милициянын кенже сержанты Жаныкулов Улукбек Мамадалиевичке ок тийген. Ал алган жаракатынан улам Баткен облустук ооруканасына жаткырылган болчу. Ооруканадан айыгып чыккан Улукбек Жаныкуловго Баткен ОИИБдин жетекчилиги ИИМдин «Кыргыз милициясына 90 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

Окуя тууралуу:

13-мартта саат 18:30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы чек арада кыргыз-тажик элинин ортосунда чатак чыккан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан. Жолго 2 техника барса, тажик тарап бирөөсүн иштетпей койгон. Жергиликтүү бийлик менен чек арачылар ошол техниканы жеткирип, кайра кайтканда тажик тарап таш менен уруп, унаанын айнегин сындырган. Андан кийин эки тараптан эл топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Чек арачылар абалды тынчтандыруу үчүн эскертүү катарында асманга ок да аткан болчу.

Андан кийин саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында да кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда ок атышуулар болгон.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чырынан кийин Көк-Таш айылында да эл топтолгон. Тажик тарап да топтолуп, ок атышуулар болгон. Анын кесепетинен кыргыз тараптагы бир адамга ок тийип, тез жардам кызматы алып кеткен. Ага операция жасалып, абалы оор экендиги белгилүү болгон.

14-мартта Баткен районунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылып, кыргыз тараптан 2 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Жаракат алгандардын бири Акылбек үйүнөн чыгып, тополоң болгон жерге барган учурда сол колуна ок тийген. Ал айылдык ФАПтан биринчи медициналык жардам алып, андан кийин Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.

«Атым Акылбек. Ак-Сайдан болобуз.Чек арага жакын жашайбыз.Тополоң болгондо чуркап чыктым. Ошол маалда мылтыктын үнү чыгып, ок колума тийди. Дароо №1 ФАПка телефон чалдык», - деген.

Ошондой эле 1994-жылы туулган У.Ж. аттуу милиция кызматкеринин жамбашына ок тийген.

Милиция кызматкери тез жардам унаасы менен Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жеткирилип, операция жасалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×