Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 07.05.2019 18:04 На русском

Баткен шаарында согуштун 2 ардагерине 100 миң сомдон беришти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 7-майда Баткен облусунун жетекчилиги Улуу Жеңиш майрамына карата ардагерлерди куттуктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Баткен шаарынын мэриясы Баткен шаарынын 100 жаштагы тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Рахматов Ашир ата менен 98 жаштагы Бурканов Садык атанын ар бирине 100 миң сомдон тапшырды. Ошондой эле Баткен районунун Самаркандек айылынын 98 жаштагы тургуну Исманов Мамат атаны да куттукташты.

Улуу Ата Мекендик согушка Баткен облусунан 20766 жоокер аттанып, алардын ичинен 14213 жоокер согуштан кайтпай калган. Мекенине 6553 жоокер кайтып келсе, алардын ичинен 19 ардагердин көзү тирүү. Тылдын 250 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×