Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Баткен облусуКадамжай району 07.05.2019 17:33

Кадамжайдагы базарда өрттөн сактануу боюнча машыгуу өттү

Turmush -  Бүгүн, 7-майда Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы «Баяман баатыр» базарында өрттөн сактануу боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, машыгуу учурунда базар ичиндеги атайын өрт өчүрүүчү унаалар жүрүүчү жолдун абалы текшерилди. Соода жайлардын ээлерине, ижарачыларга жана базар кызматкерлерине базардагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Машыгууга өрт өчүрүүчү 1 унаа, авариялык-куткаруучу 1 унаа, 15 куткаруучу, 1 фельдшер, коомдук тартипти сактоо кызматынан 5 кызматкер, медицина кызматынан тез жардам автоунаасы менен 2 кызматкер тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×