Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 07.05.2019 12:01

Баткенде 100 жашка чыккан Ашир ата согуштагы күндөрүн азыр да унута элек. Сүрөт

Turmush -  Баткен шаарынын 100 жаштагы тургуну Рахматов Ашир ата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Аймактык кабарчы ардагерден кабар алып, кызы Сапия Рахматовадан атанын өмүр жолу жөнүндө маалымат алды.

Согушту унута элек

Атам 1941-1944-жылдары фашисттик душмандардан мекенин коргоого катышкан. Согушта көргөн кандуу салгылашууларды, куралдаштарын көп эскерет. Орто мектепти аяктагандан кийин 1938-жылы Капчыгай айылындагы мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1940-жылдын күзүндө советтик армиянын катарына чакырылып, Ыраакы Чыгыштагы №8 кавалериялык дивизияда кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1941-жылдын август айында 116-десанттык полктогу жоокерлер менен мекенин душмандардан коргоо үчүн салгылашкан. Атам октябрь айында бутунан жаракат алып, андан айыккандан кийин атайын автоматчандар ротасынын курамында Сталинград фронтундагы салгылашууларга катышкан. 1943-жылдын январь айындагы катуу салгылашууларда экинчи жолу оор жаракат алган. 1944-жылдын август айында согуштан кайткандан соң, агартуу тармагында, жооптуу кызматтарда эмгектенген.

Атам 9-май — Улуу Жеңиш майрамы жакындаган сайын көзүнө жаш алып, андай алааматтын болбошун тиленет. Атуулдук милдетин абийирдүүлүк менен аткаргандыгына, жашоодо бизди тапкандыгына чексиз бактылуу экендигин бизге тынымсыз айтып турат. Кудайга шүгүр, атамдан тараган 100дөн ашуун балдары, небере-чөбөрөлөрү барбыз. Атамдын аман жүрүшү биздин гана эмес, жалпы журттун сыймыгы деп ойлойм.

Согуштан кийин

Согуштан келген соң атам кайрадан мугалимдик кызматын аркалай баштайт. Көбүнчө партиялык кызматтарда иштеди. Райондук аткаруу комитетинде, кийинчерээк мектепте иштеп жүрдү. Алыскы Зардалы, Сай, Кара-Бак, В.Ленин атындагы орто мектептеринде, райондогу дээрлик бардык мектептерде директор болуп эмгектенген. 3-секретарлык кызматка чейин жетишти. Жоопкерчиликтүү жогорку кызматтарда кызмат өтөдү. «Билим» коомунун жооптуу секретары болуп иштеди. Мени жетелеп барчу. «Ушул жер менин жумуш орунум» деп тааныштырчу. 15 жыл бою район, кийин шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп кызмат аткарды.

Атамдын тактыгын баарыбыз жогору баалайбыз. Так киши деп кыргызда сааттан кечикпей жүргөндү эмес, мамилеге так, сөзгө бек инсанды айтат эмеспи. Андыктан биздин үй-бүлөдө тактык, чынчылдык негизги тартиптердин бири катары калыптанган десем болот. Атам эмгекти сүйгөн киши. Калп айтууну жек көрөт. Табиятынан жөнөкөй, баарына тегиз мамиле жасаганды жактырат. Олуттуу сүйлөйт, бир сырдуу киши. Кесиби боюнча тарыхчы мугалим болгондуктан, ар бир ишине, айрыкча тарбия иштерине өзгөчө маани берет. Бул жагынан алып караганда өзүмдүн да мугалимдиктин артынан сая түшүп, агартуу тармагында иштеп калуума атамдын таасири чоң болду. Камбыл, тыкан болгондуктан, азырга чейин жазган конспектилери, иш пландары сакталуу турат.

Элде болсо менде болот

Атамда элде болсо менде болот деген принцип бекем калыптанган. Ошондуктан «элге ак кызмат кылгыла, чарчадым дебегиле, колуңардан келген жумуштан баш тартпагыла» деп айтат. Ушул себептенби, айтор мен да мугалимдик кесипти таштап кете алган жокмун. Ал эми агам Баткен шаардык кеңешинин төрагасы болуп 7 жыл иштеди. Калган бир туугандарым да ар түрдүү тармактарда иштейт.

Ашир ата быйыл 100 жашта

Бир сүйлөгөн мүнөзү азыр да бар. Адамга катуу айтпаган сапатын айрыкча апам жакшы билчү. Кутман карылыкта жашап жаткан атам быйыл 1-майда 100 жашка толду. Атамдын кашыбызда эсен тургандыгы, ар бир күнү — биздин майрамыбыз. Бул датага карата үй-бүлөлүк салттык майрамыбызды быйыл да улантып, өзгөчө белгиледик. Дал ушундай сыймыктуу атанын уул-кызы болгондугубузга чексиз шүгүр келтирем.

Ашир ата: 1941-жылдын 22-июнунда СССР менен фашисттик Германиянын ортосунда согуш чыгып, мен 20 жашымда согушка жөнөдүм. Ал учурда 5 бир тууган бир учурда аттанганбыз. Мен анда аскерде болчумун. Советтик армиянын буйругу менен согушка жөнөп кеттик. Алгачкы жылы эле бутумдан жаракат алып Саратовдогу госпиталга жаттым. 1 жылга чукул убакыттан кийин Урал шаарындагы 159-дивизиянын даярдоосунан өтүп, кайра согуш майданына чыктым. Өзгөчө кармашуу Сталинградда өткөн. Анда партизандардын тайманбастыгы менен Астрахань шаарын фашисттерден тазалоого мүмкүн болгон. Бул жолку кармашууда экинчи ирет жаракат алып, 1944-жылы жеңиштин алгачкы үнүн алып, өз мекениме кайттым.

1944-жылдын август айында мекениме келип, 1948-жылга чейин мектептерде директор болуп иштедим. 1948-жылдан 1660-жылга чейин райкомдо иштедим. Секретарь райкомго чейин жеттим. Кийин колхозго башкармалыкка жөнөтүштү. Анда 2 жыл эмгектендим. Ошентип пенсияга чыктым.

Ардагердин көзүнүн көрүүсү 5-6 жыл мурда начарлап, угуусу да оорлошуп калган. Ашир ата 5 уул, 2 кыздын атасы. 28 небере, 58 чөбөрө жана 2 кыбырасы бар.

Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 20766 аскер аттанган болсо, 14213 аскер согуш майданында курман болушкан. Тирүү кайтып келген 6553 аскерлердин ичинен бүгүнкү күндө 19 ардагердин көзү тирүү.

2017-жылы Ашир атага Жеңиш майрамына карата «Жигули» үлгүсүндөгү унаа белек кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×