Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуЛейлек району 06.05.2019 16:01

Лейлектин Кулунду айылында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Turmush -  2-майда Лейлек районунун Кулунду айылында Улуу Жеништин 74 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Маалым болгондой, иш-чарага Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Алар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн курулган эстеликке гүлчамбарларды коюп, куран окушту. Саамалык концерттик программа менен коштолду.

Согуштун Кулунду айылындагы жалгыз ардагери — 96 жаштагы Байматов Кошон атага акимчилик тарабынан 5 миң сом, Кулунду айыл өкмөт тарабынан 10 миң сом акчалай белек тапшырылды. Кошон ата кан майданга 1942-жылы аттанган. Согуштан кийин Лейлек районунда колхоздо малчы болуп иштеген. Азыркы учурда уул-кыздарынан 32 небере, 36 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×